Индонезияда инвесторлорго өзгөчө виза бериле баштады

Индонезия “алтын виза” программасын баштады. Ал чет элдик инвесторлордун өлкөдө узак убакытка калышына шарт түзөт.

 

Программага катышуу үчүн минималдуу босого 350 миң доллар. Бул сумма коомдук компаниялардын акцияларына, эсептерге же мамлекеттик облигацияларга салынышы керек.

 

Мындай инвестициялар беш жылдык жашоого уруксат алууга мүмкүндүк берет. Индонезияда 10 жыл калуу үчүн 700 миң доллар инвестициялоо керек.

 

Бийлик жаңы система өлкөгө ири акча тартып, жергиликтүү экономиканы көтөрөт деп эсептейт.