7-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 10дон кечки 6га чейин Көлбаев көчөсүндө (Лермонтов көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейин), Аламүдүн-1 кичирайонунда, Куруучулар шаарчасында суу жок болот. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.
Калк, уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусу зарыл.