Кыргызстан менен Япония экология жана климат боюнча кызматташат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки менен жолугушту.

 

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Япония элчилигинин демилгеси менен өттү.

 

Анын жүрүшүндө тараптар экология жана климат боюнча мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана спектрин кеңейтүү маселеси каралды.