Билим берүү министрлиги окуучулардын каникул күндөрүн бекитти

Билим берүү министрлиги окуучулардын каникул күндөрүн бекитти. Күзүндө балдар 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алышат, кышкы каникулдар 1-январдан 14-январга чейин, жазгысы 21-марттан 31-мартка чейин болот.   Кошумчалай кетсек, биринчи класстын окуучулары үчүн жазгы каникул үчүнчү чейректе кошумча бир жумага узартылат. Бүгүн мектептерде толук кандуу окуу процесси… Кененирээк…

Кыргызстан жылуу кийимдерди экспорттоону эки эсеге кыскартты

Кыргызстан жылуу кийимдерди экспорттоону эки эсеге кыскартты. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.   Алсак, былтыр жарым айда өлкөдөн 3 миллиондон ашык свитер жөнөтүлсө, быйыл экспорттун көлөмү 987 миң болгон.   Нарк жагынан алганда көлөм 80 пайызга азайган, башкача айтканда 3 миллион 279 миң долларлык… Кененирээк…

Кыргызстанда окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору ачылды

Кыргызстанда окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору ачылды. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, алар облус боюнча 10 кесиптик лицейдин базасында түзүлгөн.   Борборлор Кыргызстандын ички рыногу үчүн да, чет жакка дагы эмгек кадрларын даярдайт жана алардын квалификациясын жогорулатат. Анын алкагында жумушсуздар, калктын социалдык жактан аялуу катмарларына кыска… Кененирээк…

Жумгал районунда “Агулак” жаңы көмүр кенин ачуу пландалууда

Жумгал районунда “Агулак” жаңы көмүр кенин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Казуу иштери боюнча макулдашуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен кытайлык компаниянын ортосунда жетишилди.   “Агулак” тилкесинде көмүр казунун негизги максаты – жаңы жумуш орундарын түзүү жана компаниянын ишмердүүлүгүнөн… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду.   Эми колдонуучулар бир эле жабдууда бир нече аккаунт менен колдоно алат. Алгачкы ирет бул жаңычылдык тууралуу иштеп чыгуучулар июнь айында жар салган.   Ал эми учурда мультиаккаунт функциясы тестирлөөнүн акыркы этабынан өтүп, жакында App Store жана Google Play… Кененирээк…

Бишкектеги 16 мектепте “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу электрондук күндөлүк киргизилүүдө

Бишкектеги 16 мектепте “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу электрондук күндөлүк киргизилүүдө.   Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоор шаардагы бала бакчалардын жана мектептердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты санарип форматта алуу үчүн Билим берүү департаментин санариптештирүүнүн алкагында пилоттук режимде ишке кирүүдө. Ошондой эле бул кагаз колдонууну азайтат. Ошентип, пилоттук долбоор шаардын… Кененирээк…

“Манчестер Ситинин” башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола УЕФА версиясы боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу деп аталды

“Манчестер Ситинин” башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола УЕФА версиясы боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу деп аталды.   52 жаштагы испаниялык адис англиялык клубду 2016-жылдан бери машыктырып келет.   Өткөн сезондо ал тарбиялануучулары менен биргеликте Чемпиондор лигасын, Англиянын премьер-лигасын жана Англия кубогун утуп алган.

Бишкекте Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды

Бишкекте Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды.   “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын адистери анын Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде магистралдык түтүктөрдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшөт.

Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата 4 мектеп колдонууга берилди

Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата 4 мектеп колдонууга берилди. Алар Орто-Боз, Кыштут, Кайтпас жана Жеңиш айылдарында жайгашат. Андан тышкары, жакынкы арада дагы 3 мектеп окуучуларга каалгаларын ачат деп пландалууда.   Белгилеп кетсек, облус аймагында учурда 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Анын 25и… Кененирээк…

Индия өлкө тарыхында биринчи жолу Күндү изилдөө үчүн станция кое берди

Индия өлкө тарыхында биринчи жолу Күндү изилдөө үчүн станция кое берди. “Адитья” Жер бетинен 1,5 миллион чакырым аралыкта жайгашкан орбитага жетет.   Бул жерде Жер планетасы менен Күндүн тартылуу күчү бирдей болуп, окумуштууларга изилдөө иштерин ийгиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүк берет.