Быйыл окуу китептерди басып чыгарууга 152 миллион сом бөлүндү

Быйыл жаңы окуу китептерди басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом бөлүндү. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул каражаттын эсебинен 136 миң нускадан ашуун китеп басылып чыкты.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын мектептери окуу китептери менен толук камсыз боло элек. Бул маселе ижаралык негизде чечилип келет.

 

Мамлекеттик мектептерде бир нуска окуу китептин жылдык ижара акысы 25 сом деп бекитилген.