Германия төрт күндүк иш жумасын сынап жатат

Германия төрт күндүк иш жумасын сынап жатат. Изилдөөгө ар түрдүү тармактардын 50дөн ашык компаниялары катышат. Жаңы графикке ылайык, тандалган уюмдар 1-февралдан тарта иштей баштайт, ал эми кызматкерлердин маянасы ошол эле бойдон калат.

 

Германиянын пилоттук долбоорунун алгачкы жыйынтыгы май айында күтүлүүдө.

 

Жаңычылдык жумасына беш күн эмес, төрт күн иштеген кызматкерлердин өз жашоосуна көбүрөөк канааттанарын, дарыгерлерге аз барарын бирок өндүрүмдүүлүгү мурдагыдай эле сакталып кала турганын аныктоого багытталган.