Ленин округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды

Бишкектин Ленин округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды. БШКнын маалыматына ылайык, ага 127 миңден ашык адам кирген.

 

Калктын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн тизме мамлекеттик «Тизме» порталына жайгаштырылды.

 

Аталган аймак боюнча парламент депутатын кайра шайлоо ушул жекшемби, 10-сентябрда өтөт. Депутат болуу үчүн 25 талапкер ат салышууда.