Кыргызстандын оор атлетчилери Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг) жана Эмил Молдодосов (89 кг) Дүйнө чемпионатына катышат.

 

Дене тарбия жана споррт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 18-сентябрга чейин Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында өтөт.

 

Спортчулар чемпионатка улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында катышат.

 

Белгилеп кетсек, курама команданын мүчөлөрү Азия оюндарына жана Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында 20-августтан 3-сентябрга чейин эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөргөн.