Түркияда август айында жылдык инфляция дээрлик 59 пайызды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика институту билдирди.
Бул акыркы 8 айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Эксперттердин айтымында, өсүш салыктардын көбөйүшү, лиранын алсызданышы жана азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу. Бир айда өлкөдө тамак-аш дээрлик 73%га, ал эми медициналык тейлөө 77,5%га кымбаттады.
Бул көрсөткүчтөр аналитиктер болжолдогондон бир нече пунктка жогору болуп чыкты.