Бишкекте ирригациялык тармактарды орнотуу иштери уланууда

Бишкекте ирригациялык тармактарды орнотуу иштери уланууда. Мэриянын маалыматына караганда, дээрлик 18 миң метр тармак тартуу пландалууда.   Учурда 17 көчө тилкесинде иштер жүрүп жатат.   Мэрия шаардыктарды магистралдык каналдарды жана дренаждык түйүндөрдү таштанды менен булгабоого, ошондой эле шаар кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.

Ош облусунун Алай районунда кичи ГЭС курулат

Ош облусунун Алай районунда кичи ГЭС курулат. Объект Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашат.   Тогуз мегаватт кубаттуулуктагы станция Алай районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 86 пайызын камсыздайт деп күтүлүүдө.   ГЭСке заманбап жогорку технологиялык жабдуулар колдонулат. Курулуш иштерине 4 миллион доллардан ашык каражат бөлүнөт. Сумманы кыргыз-орус… Кененирээк…

Турак жайдын бир чарчы метрин куруунун орточо наркы дээрлик 18 миң сомду түздү

Биринчи жарым жылдыкта жеке турак жайдын бир чарчы метрин куруунун орточо иш жүзүндөгү наркы дээрлик 18 миң сомду түздү. Бирок шаар менен район ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.   Шаарларда чарчы метрдин баасы орто эсеп менен 22 миң сомду түзсө, айыл… Кененирээк…

Коомдук транспортто жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, бул баа үчүн мэрия ыңгайлуу, өз убагында жүргөн жана жетиштүү коомдук транспорт менен камсыздашы керек. Кеп сыйымдуулугу чоң, экологиялык жактан таза, жаңы жана… Кененирээк…

Кыргызстанда кайрадан жылуу аба-ырайы турукташты

Кыргызстанда кайрадан жылуу аба-ырайы турукташты.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок, күздүн алгачкы илеби менен түнкүсүн салкын болот – 12-15 градустун тегерегинде.   Ал эми күндүз аба табы 23-26 градуска чейин жылыйт. Мындай жылуу жана кургак аба-ырайы сентябрдын ортосуна дейре сакталат.

10-сентябрда Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтөт

  Келе жаткан жекшемби, 10-сентябрда Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтөт. БШКдан эске салышкандай, бул ирет добуш берүү жараяны 13 миллион 200 миң сомго  айланат.   Эске салсак, 16-июнда Боршайком 28-майда өткөн шайлоонун  жыйынтыгын жокко чыгарган. Лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелген.

Бишкектин борбордук бөлүгү кийинки жылы маршруттук таксилерден бошотулат

Бишкектин борбордук бөлүгү кийинки жылы маршруттук таксилерден бошотулат.   Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, ордо калаага 1 миңден ашык автобус келгенден кийин, маршруткалар борбордук бөлүктө каттабай калат.   Кеп Курманжан Датка – Түштүк магистраль – Садырбаев – Жибек Жолу көчөлөрүн… Кененирээк…

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор комитетте биринчи окууда жактырылды

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор комитетте биринчи окууда жактырылды. Документке бир гана депутат каршы добуш берди.   Мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Анда Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени жазылган.  … Кененирээк…

Баткенде жаңы мектеп пайда болот

Баткенде жаңы мектеп пайда болот. Кайыңды айылында билим берүү мекемесинин курулушуна капсула салынды.   Жаңы мектеп кийинки окуу жылына карата курулуп бүтүп, колдонууга берилет деп пландалууда. Бул максатта республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүндү.

Мектеп директорлорун дайындоо боюнча сынак убактылуу токтотулду

Мектеп директорлорун дайындоо боюнча сынак убактылуу токтотулду.   Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан түшүндүрүшкөндөй, бул “Билим жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу. Учурда сынактарды мыйзамга ылайык өткөрүү боюнча ведомство аралык жумушчу топ иштеп жатат.   Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, 2022-жылдан тарта… Кененирээк…