Бишкек турак жай куруу үчүн эң кымбат шаар

Бишкек Кыргызстанда турак жай куруу үчүн эң кымбат шаар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, борбордо курулган жеке турак жайдын чарчы метри орто эсеп менен 31 миң сомдон ашат.

 

Ал эми Баткен же Нарын облусунда турак жай курууга баалар өлкө боюнча эң арзан — чарчы метрине 15 миң сом. Бул Бишкекке караганда болжол менен эки эсеге арзан экенин Улуттук статистикалык комитет белгиледи.