Мектептерди китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык талап кылынат

Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек жана бир китептин баасы 300-350 сомду түзөт. Жыйынтыгында өлкөдөгү 2 миллион 500 миңдей окуучуну китеп менен камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык акча талап кылынат.

 

Белгилеп кетсек, өлкө мектептериндеги китеп жетишсиздиги боюнча маселе соңку учурда күн тартибине чыкты.