Кыргызстанда кызамык жугузгандар азайып баратат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борборуна таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө экинчи жума катары менен кызамык оорусунун азайганы байкалууда. Алсак, ушул жылдын 34-жумасында кызамык оорусунун 39 учуру катталды. Анын ичинде 34ү бала жана бешөө чоң кишилер.
Балдар арасында кызамык оорусу өткөн жумага салыштырмалуу 15 пайызга азайды.