Бейонсенин дүйнөлүк туру тарыхтагы аял аткаруучулардын эң кирешелүүсү болуп калды

Ырчы Бейонсенин “Ренессанс” аттуу дүйнөлүк туру тарыхтагы аял аткаруучулардын эң кирешелүүсү болуп калды. Артист 460 миллион доллардан ашык киреше тапкан.   Ошол эле учурда каражат дагы көбөйөт, анткени гастролдун алкагында Бейонсенин быйыл октябрь айына чейин дагы жети концерти пландалган.   Буга чейинки рекорд 2008-2009-жылдары гастролдо… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салынат

Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салынат. Мэрия эскерткендей, административдик жазанын өлчөмү 7,5 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.   Муниципалитет жарандарды таштандыны атайын челекке таштоону сунуштайт.

Парламент “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Парламент Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.   Түзөтүүлөрдү киргизүүнү президенттик аппарат демилгелеген. Документти 66 депутат колдоп, төртөө каршы добуш берди.   Мыйзам кабыл алынса мамлекет башчысы Конституциялык соттун чечимин бир нече иштер боюнча, анын ичинде “кыргыз элинин… Кененирээк…

Россия Кыргызстан мектептеринде ысык тамак берүүнү жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүп берет

Россия Кыргызстан мектептеринде ысык тамак берүүнү жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүп берет. Аталган өлкөнүн элчилигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында буга чейин Кыргызстанга 22 миллион доллар бөлүнгөн.   Бул каражатка республикадагы 200 миң бала ысык тамак менен камсыздалган.  850 мектептин ашканасына тиешелүү жабдуулар сатылып алынып, 4 миң… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке жаңы келген Равшанбек Рысбаев парламентте ант берди

Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, ишке киришти. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Өмүрбек Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган. Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып… Кененирээк…

Москвада кыргызстандык мигранттарга жардам берүү борбору ачылды

Москвада кыргызстандык мигранттарга жардам берүү борбору ачылды.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Умай эне” кайрымдуулук борборун ачуу аземине онлайн форматта катышты.   Анда миграцияда жүрүп турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарга, ошондой эле алардын балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам… Кененирээк…

“Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

“Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аба майдандын учуп-конуу тилкесин жаңыртуу, асфальттын жаңы катмарын төшөө жүрүп жатат.   Андан тышкары, аэропорттун перрондук аянтчасын калыбына келтирүү, суу өткөрүүчү лотокторду, бордюрларды орнотуу иштери жүрүүдө. Эске салсак, Нарын аба майданы… Кененирээк…

Өлкөдө 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет

Өлкөдө 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Майрамдык иш-чаралар улуу композитор Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналат.   Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, Карамолдо Орозов жөнүндө кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт, көргөзмө уюштурулуп, салттуу музыканын концерти өтөт.

Кыргызстанда экологиялык транспорттун жана кыймылсыз мүлктүн ээлерине жеңилдиктер берилиши мүмкүн

Кыргызстанда экологиялык транспорттун жана кыймылсыз мүлктүн ээлерине жеңилдиктер берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору профилдик комитеттин кароосуна чыгарылып, биринчи окууда жактырылды.   Ага ылайык, атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруу көрсөткүчү төмөн же нөлдүк унаалардын ээлерине льготалар берилет. Кеп транспорт салыгын төмөндөтүү, тонировкага уруксат  берүү, парковка жана башка… Кененирээк…

Ала-Бука районунда кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында жаңы заманбап кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, спорт аянтчасы Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, «Мискен курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулду. Аталган аземге Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы… Кененирээк…