Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Белгилеп кетсек, аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Кеңешбай Тайлаков 14-августта арыз жазып, ордун бошотуп берген. Ал 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын башкарып турду.