Арча-Бешикте үй тибиндеги бала бакча ачылды

Арча-Бешик конушунда үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бала бакча 1,5 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтөт. Анда бардык шарттар түзүлгөн.

 

Белгилеп кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын «Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

 

Ага ылайык, кыска мөөнөттүү курстарды аяктаган жана жеке ишкер катары катталган жарандар турак жайга үй тибиндеги бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк алат