Кыргызстанда мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн

Кыргызстанда мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди.

 

Учурда жетекчилер конкурстук негизде беш жылга дайындалат. Бирок министр бул көп убакыт деп эсептейт. Анын пикиринде, жаңы директорлор дайындалгандан кийин эки жылдын ичинде жакшы жыйынтыктарга жетиши керек. Эгер бул убакыт аралыгында өздөрүн көрсөтө албаса, анда алар менен түзүлгөн келишим бузулуп, бош орунга жаңы сынак жарыяланат.

 

Иманалиев белгилегендей, учурда бул демилге иштелип жатат.