Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт

Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт. Бул боюнча пилоттук долбоор башталганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Анын алкагында жаран ар кандай мобилдик тиркемелер же капчыктар аркылуу мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды жана «Түндүк» мобилдик тиркемесинде бар санариптик документтерди оңой, ыңгайлуу ала алат.

 

Учурда аталган тиркемеде жалпысынан 40 кызмат жеткиликтүү.