Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык киши барат

Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык киши барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Тизмеге спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү кирет.

 

23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында өтө турган мелдешке 40тан ашуун өлкө катышат.

 

Программага жалпы 42 спорттун түрү киргизилген. Кыргызстандыктар анын 23 түрү боюнча күч сынашат.