Оштогу 225-кварталда жаңы социалдык имараттар ачылды

Оштогу 225-кварталда жаңы социалдык имараттар ачылды. Түштүк борбор мэриясынан билдиришкендей, анын курамына фельдшердик-акушердик пункт, окуу борбору, мечит жана чарбалык курулуштар кирет.

 

Долбоорду ишке ашырууга Кувейт кайрымдуулук фонду жана башка уюмдар салым кошкон.

 

Аталган кварталда жалпы 120 түтүн бар, анда 400гө жакын тургун жашайт.