Ошто Райымбеков көчөсүн калыбына келтирүү башталды

Ошто Райымбеков көчөсүн калыбына келтирүү башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, иштер анын Масалиев проспектисинен Кара-Суу көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүп жатат.

 

Бул жерде асфальттын катмары жаңыртылып, көчө жарыгы орнотулуп, тротуар курулат. Ошондой эле тилкеде отургучтар, видео байкоо камералары жана көчөттөр пайда болот.