Жыл башынан бери 2,9 млрд сом мүлк салыгы төлөндү

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 2 млрд 925,1 млн сом мүлк салыгын чогултту.

Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 310,4 млн сомго ашыкча аткарылган.

 

Аталган сумманын 1,1 млрд сомун кыймылсыз мүлк салыгы (турак үйлөр жана батирлер), 948,2 млн сомун үй жанындагы жер участокторуна салык жана 871,5 млн сомун транспорт каражаттарына салык түзөт.

 

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктады.

 

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөй албаган мүлк ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, административдик айып пул жана өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 5000 сом. Туум күн сайын салыктын суммасынан 0,09% өлчөмүндө эсептелет.