Талас мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды

Жыргалбек Шаршембиев Талас мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Шаршембиев министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 жобосуна ылайык кызматка дайындалган.   Белгилеп кетсек, 2023-жылдын 21-августунда Талас мамлекеттик университетинин ректору бош кызмат ордуна сынак жарыяланган.

Сузакта ирригациялык каналды реабилитациялоо аяктады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жар айыл аймагында ирригациялык каналды реабилитациялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, канал Жерге-Тал айылында жайгашкан, узундугу 2,8 чакырым болгон участокто лотокторду төшөө иштери аяктады. Жалпысынан 467 даана жаңы лоток орнотулду.  … Кененирээк…

Киров — Өрнөк — Дөдөмөл унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Киров – Өрнөк – Дөдөмөл унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдун узундугу 870 метрди түзгөн бөлүгүндө асфальт төшөлдү. Ал эми жалпысынан 2 чакырым аралыкка асфальт төшөө иштери пландалууда.   Иштер “Кыргызавтожол”… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-сентябрда саат 7:54та катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.   Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.   Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,3 пайызды түздү

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.   Алдын ала маалыматка ылайык, Кыргызстанда январь-сентябрь айларында ички дүң продукт 677 миллиард сомдон ашты. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3%га өскөн.   ИДПнын… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл аягына чейин 16 ГЭС пайдаланууга берилет

Кыргызстанда жыл аягына чейин 16 ГЭС пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын соңу чейин жалпысынан 48 ГЭС жана 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулат.   Мындан тышкары, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланып, кошумча… Кененирээк…

Таласта 600дөн ашык турак үй сел коркунучунан корголду

Таласта 600дөн ашык турак үй сел коркунучунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Мекеменин мерчемине ылайык, Талас облусунун Талас, Манас, Бакай-Ата райондорундагы 7 сел өткөрүүчү канал тазалоо иштерине сунушталган. Аткарылган иштердин натыйжасында 600дөн ашуун турак жай,  мектеп, бала бакча, көпүрөлөр жана администрациялык мекеме… Кененирээк…

Бишкектеги кайра шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыкты

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. БШКдан билдиришкендей, жалпысынан 51 шайлоо участогу ачылган.   Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзсө, соңку маалыматка ылайык анын 20 миң 169у добуш берүүгө катышты. Бул шайлоочулардын… Кененирээк…

Өкмөт башчы электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ал өз кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.   Анын айтымында, быйылкы кышта электр энергиясы дефицит болот. Чиновник мунун себебин суунун жылдагыдан аз болгону менен байланыштырды.   Ал ошондой эле өлкөдө курулуп жаткан ГЭСтер… Кененирээк…