Электр энергиясы менен жылытуу системасы орнотулган көп кабаттуу үйлөргө 5 киловатт-сааттык чектөө киргизилбейт

Электр энергиясы менен жылытуу системасы орнотулган көп кабаттуу үйлөргө 5 киловатт-сааттык чектөө киргизилбейт.

 

Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков билдирди.

 

Ошондой эле, үч фаза койдургандар, ага уруксат алгандар үйүн электр кубаты менен жылыта алат.

 

Бирок  чарбалык керектөөгө 10 киловатт, жылытууга 7 киловаттык техникалык шарт бар, — деди чиновник. Эске салсак, буга чейин Энергетика министрлиги кышкысын үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынганын жарыялаган болчу.