Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлыгы 32 миң 146 сомго теңелди.
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июлга чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, маяна 27 пайызга өстү.
Эң чоң өсүш мамлекеттик башкаруу жана коргоо, соода, транспорт ишкердүүлүгү, маалымат жана байланыш, ошондой эле камсыздандыруу тармактарында катталды.