Угандада өзгөчө рекорд орнотулду

Угандада өзгөчө рекорд орнотулду. 900 адам 3 саат 16 мүнөт бою тынбай кол чапкан. Гиннес рекорддор китебинин шарттарына ылайык, кол чабуулар орточо көрсөткүчтөгү бир калыпта чыгышы керек болчу.

 

Эгер кимдир бирөө токтоп калса, ал топтон дароо чыгарылган. Башка зарыл иштер боюнча дагы алаксыганга тыюу салынган.

 

Суусап кеткендерге уюштуруучулар жардамга келип жатты. Белгилеп кетсек, буга чейинки рекорд 2  саат 15 мүнөттү түзгөн.