Кыргызстан калкынын саны 7 миллион адамдан ашты

Кыргызстан калкынын саны 7 миллион адамдан ашты. Жылдын башына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Ведомстводон белгилешкендей, 2022-жылдын башына карата көрсөткүч 125 миң адамга көбөйдү.   Эң чоң өсүш Ош, Бишкек шаарларында жана Баткен облусунда катталса, эң азы Ысык-Көл, Нарын аймактарында.   Кыргызстан КМШ… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдү унаа транспорту менен чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда көмүрдү унаа транспорту менен чыгарууга тыюу салынды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, чектөө жарым жылга киргизилди. Анын ортосунда, “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү аркылуу жана темир жол менен кара отунду чыгарууга уруксат берилет.   Тиешелүү профилдик  органдарга токтомго ылайык бардык чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайра уруксат берилди

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайра уруксат берилди. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Эске салсак, өткөн жумада министрдин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын жар салган. Ал мындай чара ордо калаадагы ышты азайтууга жардам берерин кошумчалаган.… Кененирээк…

Күз-кыш мезгилинде дээрлик 17,5 млрд кВт/саат электр энергиясы керектелет

Кыргызстан быйылкы күз-кыш мезгилинде дээрлик 17,5 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Министрдин айтымында, анын 14 миллиард кВт/сааттан ашыгы Кыргызстанда өндүрүлсө, 3 миллиарддан көбү коңшу өлкөлөрдөн импорттолот.   Ал белгилегендей, Кыргызстан жарыкты Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан импорттойт.… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 32,3 пайызга өстү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 8,2 млрд. АКШ долларына жакындады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.   Анын маалыматына караганда, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,3 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 45,6 пайызга, ал… Кененирээк…

Хорватияда ким көпкө жата алат деген талаш уланууда

Хорватияда ким көпкө жата алат деген талаш уланууда. Былтыркы мелдеште рекорд 117 саатка коюлган.   Быйылкы жылдын катышуучулары мурдагылар жетишкен ийгилик менен токтоп калбай турганын чечкиндүү түрдө билдиришти.   Эске салсак, жалкоолордун мындай мелдеши Хорватияда 12 жыл мурун башталган. Эрежеде катышуучулар уюлдук телефондорду жана ноутбуктарды… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкектин түштүк-батышында газ болбойт

Бүгүнтөн тарта Бишкектин түштүк-батышында газ болбойт. «Бишкекгаздын» маалыматына караганда, кеп Жаманбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймак тууралуу болуп жатат.   Мунун себеби пландык оңдоо иштерине байланыштуу. Мындан улам, абоненттерге 13-сентябрга энергиянын алтернативдүү булактарын колдонуу сунушталат.

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалы 16-сентябрда Бишкекте өтөт

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалы 16-сентябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу профессионалдык футбол лигасынын басма сөз кызматы билдирди.   Ардак кубок үчүн канттык “Абдыш-Ата” клубу менен Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” командалары ат салышат.   Эске салсак, азыркы кубок ээси “Абдыш-Ата”.

Бишкектин шаар куруу документтерин иштеп чыгууга 65 млн сом жумшалат

Келерки жылы Бишкектин шаар куруу документтерин иштеп чыгууга 65 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу ордо калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында жарыяланды.   Белгиленгендей, каражат тышкы донорлордон чогултулат.   Жалпы сумманын көбү шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга, калганы Бишкектин башкы планын… Кененирээк…

Кайра шайлоо: төрт талапкер шайлоо күрөөсүн кайтарып ала алышат

Ленин округу боюнча шайлоого катышкан төрт талапкер шайлоо күрөөсүн кайтарып ала алышат. БШКнын маалыматына караганда, кеп беш пайыздан ашык добуш алган талапкерлер тууралуу болуп жатат.   Калган талапкерлер берген каражат мамлекеттик бюджетке жумшалат. Эске салсак, шайлоо күрөөсү 100 миң сомду түзөт.   Аталган аймак боюнча… Кененирээк…