Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен балбандарга президент акчалай сыйлык тапшырды.
Алтын медалдардын ээлери Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов 1 миллион сомдон, күмүш медаль багындырган Айпери Медет кызы 750 миң сом жана коло медалдын ээси Тайырбек Жумашбек уулу 500 миң сом алды.
Ошондой эле сертификаттар машыктыруучулар курамына дагы тапшырылды.