Кыргызстандык Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медаль утуп алды

Кыргызстандык Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медаль утуп алды. Дзюдочу 90 килограмм салмак категориясында килемге чыгып, өзбекстандык атаандашы Давлат Бобоновду жеңди.

 

Муну менен Шеров Кыргызстан тарыхында Азия оюндарында алтын медаль утуп алган биринчи дзюдочу болуп калды.