Россия өкмөтү Кыргызстанда 9 мектептин курулушу боюнча макулдашууну жактырды

Россия өкмөтү Кыргызстанда 9 мектептин курулушу боюнча макулдашууну жактырды. Бул тууралуу маалымат россиялык өкмөттүн сайтында жеткиликтүү. Эми документ Мамлекеттик думанын кароосуна чыгарылат.

 

Документте биргелешип мектеп куруунун шарттары жана россиялык стандарттар менен билим берүү талабы жазылган.

 

Эске салсак, 1-сентябрда Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы мектептердин курулушуна капсула салынды. Ал эми курулуштун өзү кийинки жылы башталат. Жыл сайын бул программа боюнча үчтөн мектеп салуу пландалууда. Алгачкылары 2025-жылы колдонууга берилет.