Бишкекте муниципалдык “Эко таксинин” биринчи партиясы тартууланды

Бишкекте муниципалдык “Эко таксинин” биринчи партиясы тартууланды. Мэриядан билдиришкендей, жаңычылдык ордо калаада экологиялык таза транспортту жайылтуу демилгесинин бир бөлүгү болуп эсептелет.

 

Ал абага зыян заттарды чыгарууну кыйла азайтат деп пландалууда. Күтүлгөндөй, “Эко такси” автобус-троллейбустар үчүн бөлүнгөн атайын тилке менен жүрө алат жана муниципалдык таксининин баасы коммерциялык таксилердикине салыштырмалуу арзаныраак болот.