Кыргызстанда макулатура экспортуна киргизилген тыюу дагы жарым жылга узартылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында жазылат. Чектөөлөр кийинки жылдын март айына чейин күчүндө болот.
Белгилеп кетсек, мораторий 2021-жылы киргизилип, ошондон бери улам узартылып келет.