Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Мэрия маалыматы боюнча, 20 дарек аныкталып, ээлерине карата акт тузүлдү.
Белгилеп кетсек, батирин ижарага бергендер айына 1 чарчы метр үчүн 30 сомдон, жер үйлөргө 40 сомдон салык төлөшү шарт. Андан тышкары, Соцфондго 919 сом төгүп, камсыздандыруу полисин алышы керек. Болбосо жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.