Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат. Социалдык тармактарда атайын платформага кошулуп, кирешени көбөйтүп алуу сунушу менен билдирүүлөр тарап жатат.

 

Публикацияларда Улуттук банктын белгисин көрсө болот. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул билдирүүлөргө тиешеси жок экенин белгилеп, бул шылуундардын дагы бир алдоо жолу деп билдирет.

 

Жарандарга шилтемелерге өтпөй, банк картасынын номерин жана жеке маалыматты башкаларга бербөө сунушталат.