Парламентте Конституциянын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата айрым туткундарга амнистия берүү сунушталды

Парламентте Конституциянын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата айрым туткундарга амнистия берүү сунушталды.

 

Мыйзам долбооруна ылайык, абактан 60 жаштан жогорку эркектерди, 55 жаштан улуу аялдарды, 1-жана 2-топтогу майыптарды, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу болгон жарандарды, биринчи жолу оор эмес кылмыш үчүн камалгандарды жана көп балалуу аялдарды бошотуу каралган.

 

Профилдик комитет документти биринчи окууда жактырды.