Каракол шаарында МГУнун бөлүмү ачылат

Каракол шаарында МГУнун бөлүмү ачылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгү Кыргызстан жана Россиянын мыйзамдуулугу боюнча жүргүзүлөт.   Абитуриенттерди кабыл алуу, мамлекеттик аттестация жана башка процедуралар россиялык университет бекиткен эреже жана мөөнөт боюнча ишке ашат.   Караколдогу МГУнун филиалынын ишмердүүлүгүнө… Кененирээк…

Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы мектеп-интернаттын имараты мамлекетке кайтарылды

Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы мектеп-интернаттын имараты мамлекетке кайтарылды.   Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, курулуштун жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендиги боюнча доо толугу менен канааттандырылды.   Документтин негизинде 14,5 миллион сомдук мектеп имараты жана жер тилкеси Кажы-Сай айыл өкмөтүнө өткөрүлдү.

Кара-Кече көмүрү Бишкекте сатылат

Кара-Кече көмүрү Бишкекте сатылат.   Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Кара отун Дэн Сяопин, 306 дарегинде жайгашкан көмүр базасында сатылат. Бир тонна көмүрдүн баасы – 4 миң 700 сом.   Жакынкы арада дагы 4 база ачылат деп пландалууда, — дешти ведомстводон.

Министрлер кабинети чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартты

Министрлер кабинети чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартты. Буга чейин ушул жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт бекитилсе, эми ал 2024-жылдын 30-июнуна чейин узарды.   Эске салсак, “Санарип көчмөн” макамы графикалык дизайн, IT жана башка бир катар тармактарда иштеген чет элдик… Кененирээк…

Улуттук статистика комитети жаштар арасында эң популярдуу кесиптерди атады

Улуттук статистика комитети жаштар арасында эң популярдуу кесиптерди атады. Маалыматтар “Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим” баяндамасында камтылган.   Тандалган билим профилине ылайык, жаштар арасында экономист, чет тилдердин котормочусу, дарыгер, юрист, инженер-энергетик, программист, куруучу жана менеджер кесиптери эң популярдуу экени такталган.   Акыркы жылдарда педагогика адистигин… Кененирээк…

КМШнын саммитинде коомдук тартипти 4 миңден ашык милиция камсыздайт

КМШнын Бишкекте өтүүчү саммитинде коомдук тартипти 4 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Максатбек Клычев билдирди.   Анын айтымында, ишке борбордун, Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жана министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери тартылат. Алар колонналардын маршрутун, иш-чара өтүүчү… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кыргызстандын аймагында күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жердин силкинүүсү Ош облусундагы Өзгөн районунун Түз-Бел, Кара-Жыгач, Ийрек, Үч-Каптал, Курбу-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.   Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ташиев «караларга» каражат бергендер жазаланарын эскертти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «караларга» акча берип жүргөндөр жазаланарын эскертти. Ал бул боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.   Ташиев ишендиргендей, мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт.   «Урматтуу кыргызстандыктар! Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде… Кененирээк…

Бишкектин башкы архитектору камалды

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев камакка алынды.   Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун 2023-жылы 6-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, К.У.га карата 2023-жылы 16-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-октябрда эртең мененки саат 9дан түнкү 9га чейин Фрунзе көчөсү, Манас, Жибек Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу убактылуу токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала… Кененирээк…