Бишкекти КМШ саммитине даярдоо үчүн 500 млн сом жумшалды

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине байланыштуу Бишкекти жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине 500 млн сомго жакын каражат жумшалды. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров 9-октябрда тиешелүү объектилерди текшерүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, каражат атайын бөлүнгөн эмес. Калаа жетекчилиги күздө саммит болорун билгендиктен бул сумманы жыл башында эле бюджетке камтый кетишкенин кошумчалады.

 

Учурда шаарда саммиттин катышуучулары жүрө турган көчөлөр оңдолуп, үйлөрдүн дубалдары, тосмолор акталып-сырдалып жатат. Жаңылоо, жарыктандыруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана башка иштер да активдүү жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын бюджети 2023-жылга 22 млрд 869, 5 млн сом деп белгиленген. 500 млн сом мунун 2-3% түзөт.

 

Бишкекте КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 13-октябрда өтөт. Бир күн мурда Кыргызстанга расмий сапар менен Орусиянын президенти Владимир Путин келет. Саммитке байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жолдор убактылуу жабылып турат. 4 миңден ашуун милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт.

 

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Путиндин сапарынын алкагында эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү талкууланарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

 

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.