Израилде соңку окуяларда жабыркаган кыргызстандыктар жок

Израилде соңку окуяларда жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.   Белгиленгендей, элчилик израилдик расмий мекемелер жана ал жактагы кыргызстандыктар менен байланышта. Расмий маалыматка ылайык, Израилде жашаган кыргыз жарандарынын саны 38, консулдук каттоодо 9 адам турат.   Эске салсак, Израилде согуштук абал… Кененирээк…

Азия оюндары: Улуттук курама команда 18-орунду ээледи

Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы 18-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Аталган оюндарда Кыргызстан уткан медалдардын саны он бешке жетти. Тагыраагы, төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло байге жеңди.

Бишкектин Ак-Тилек-2 жаңы конушуна жаратылыш газы берилди

Бишкектин Ак-Тилек-2 жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы 216 үй кышында газ менен жылытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Буга чейин 45 миң үй көгүлтүр отко туташкан.   Учурда 11 конушту газдаштыруу иштери аяктап жатат, жалпы 10 миң үйгө газ берилет.   Эске… Кененирээк…

Бишкекте КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт

Бишкекте КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Буга байланыштуу Чүй облусу жана Бишкек шаарында 12-13-октябрь күндөрү айрым жолдор жабылат деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.   Чектөө «Манас» аэропортунан Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде, Манас жана Айтматов проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Садырбаев көчөсүнөн «Ата-Бейит»… Кененирээк…

Азия оюндарында Токтомамбетов менен Лазарев коло байге алды

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарында кыргызстандык эркин күрөш балбандары Орозбек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев коло байгеге ээ болушту.   Орозбек Токтомамбетов 3-орун үчүн таймашта тажикстандык Магомет Евлоевди 4:2 эсебинде жеңди. Ал эми Айаал Лазарев коло үчүн беттеште өзбекстандык Хасанбой Рахимовду утту.   Азия оюндарында Кыргызстан… Кененирээк…

Бишкекте бардык мектеп жана бала бакчалар эки күн онлайн иштейт

Бишкекте бардык мектеп жана бала бакчалар эки күн онлайн иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Мунун себеби 12-13-октябрь күндөрү ордо калаада өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кезектеги саммитине байланыштуу. Белгиленгендей, мектептердин окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт, ал эми бала бакчалар убактылуу иштебей турат.   КМШ… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, 3-8-октябрга чейин Баткенде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында тийиштүү протоколго… Кененирээк…