Бишкекте Аламүдүн дарыясын тазалоо жүрүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер анын Куттубаев-Каралаев тилкесинде аткарылып жатат. Иштерге 3 даана атайын техника тартылды.
Бул дарыянын жанында жайгашкан үйлөрдү коопсуздук менен камсыздоого багытталган иш-чара. Андан кийин Аламүдүн дарыясынын Көк-Жар конушуна тиешелүү тилкеси тазаланат.