Бишкекте 5 борбордук көчө кеңейтилет

Бишкекте 5 борбордук көчө кеңейтилет. Бул тууралуу 24 агенттигине мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, кеп Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Ахунбаев, Байтик Баатыр/Абдрахманов жана Фучик көчөлөрү тууралуу болуп жатат.

 

Учурда долбоор даярдалып жатат, — деди шаар жетекчиси. Белгилеп кетсек, Бишкектин аталган көчөлөрүндө тыгындар эң көп катталган тилкелер жайгашкан.