Европалык бирикме Кыргызстанга гранттык негизде 7 миллион евро которду

Европалык бирикме Кыргызстанга гранттык негизде 7 миллион евро которду.

 

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат өлкө мектептеринде билим берүүнү жакшыртууга, окуу куралдарын сатып алууга жана Интернет менен камсыздоону кеңейтүүгө багытталат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бул Евробирикме Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө бөлүп бере турган 27 миллион евронун биринчи траншы болуп эсептелет. Долбоор 3 жылга созулат.