Кыргыз-казак чек арасында унаа тыгыны азая баштады

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны боюнча маселе бүгүн 9-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде жарандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатканда көтөрүлдү.

 

Депутат Улукбек Ормонов бүгүн “Ак-Тилекте” 200дөн, “Кең-Булуңда” 100дөн ашуун машина тыгында турганын, кечээ мындан да көп болгонун, айрым айдоочулар үч күндөн бери кезек күтүп турушканын айтты.

 

Чек ара кызматынын директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нурланбек Жалбиев саат 15ке карата “Ак-Тилекте” 160 машина турганын, бүгүн-эртең тыгын азаят деген ишенич бар экенин, себеби үч-төрт күн мурда 460ка чыгып кеткенин, мындай абал 28-сентябрдан тартып түзүлө баштаганын айтты.

Жалбиевдин белгилешинче, казак тараптан эч кандай чектөө жок, өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат, тыгынга сезондук көрүнүштөр себеп болууда.

“Мониторинг жүргүзгөндө казак тараптан эч кандай чектөө жок экени аныкталды, саатына 13-14 машинаны өткөрүп жатышат. Бул биз тарапка өткөрүп жаткан ылдамдык менен бирдей, керек болсо андан да ашык. Эки күн мурда аларда инспекциялык-текшерүү комплекси бир аз иштен чыгып калып, токтотуу болгон. Ошондо да алар кошумча күч тартып, өткөрүүнү камсыздап беришкен. Сезондук көрүнүш да болуп жатат”.

 

Августта Чүйдө жана Таласта чек арадагы бекеттерде дээрлик бир жумадан ашуун убакытка созулган тыгын учурунда кезекте турган машиналардын саны 500гө чейин жетип жаткан.

Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат.