Баткенде мобилдик клиника кыз-келиндердин ден-соолугун текшерүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 12-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УЗИ адисин камтыган мобилдик клиника Лейлек районунда кыздар менен аялдардын ден соолугун текшерип, акысыз кеңеш берип жатат. 13-октябрдан 21-октябрга чейин мобилдик клиника Баткен районун кыдырат.
Белгилеп кетсек, февралдан бери облус аймагында 2 миң 800дөн ашуун кыз-келиндер текшерүүдөн өттү.