Россия кыргызстандык керектөөчүлөрдү күйүүчү май менен толук камсыздайт

Россия кыргызстандык керектөөчүлөрдүн бензин жана дизель майына болгон муктаждыгын толук камсыздайт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди.

 

Ал белгилегендей, Россия Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүчү негизги өлкө.

 

Өткөн жылы 1 миллион 200 миң тоннага жакын күйүүчү май экспорттолсо, быйыл да ошондой көлөмдө берилет. Мындан тышкары, жеңилдетилген шартта – ташып чыгаруу алымын албастан сатып жатканыбыз республика үчүн да, экономикалык операторлор үчүн да түз натыйжасын берүүдө, — деди Путин.