Ташкентте элдин саны үч миллиондон ашты

Ташкентте туруктуу жашаган элдин саны 3 миллиондон ашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттигине таянып, “Азаттык” жазды.

 

Өзбек башкалаасында жашагандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт.

 

Ал эми июнь айындагы расмий статистикага ылайык, Өзбекстандын туруктуу калкы 36 миллиондон ашкан.