Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу болбойт

Бүгүн ордо калаанын бир бөлүгүндө ичүүчү суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Алыкулов, Ахунбаев көчөлөрүндө өчүрүүлөр күтүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Кант-Ивановка ашуусундагы темир жол өтмөгү жабылат

Ушул жылдын 27-октябрында Кант-Ивановка ашуусундагы темир жол өтмөгү жабылат.   “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдиргендей, чектөө эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин күчүндө болот. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Жарандар маршрутту алдын ала пландап алышы керек.

Бишкекти жылуулук менен камсыздаган 22 от казан газга өткөрүлдү

Бишкекти жылуулук менен камсыздаган 22 от казан газга өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.   Маалыматка ылайык, ордо калаада 74 от казан бар, анын 22си көмүр менен иштеп келген.   Ошондой эле 9 жаңы конуш газдаштырылып, 6 миң 900дөн ашык үй көгүлтүр от… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен: Бишкек шаарында – 2; Чүй облусунда – 3; Ысык-Көл облусунда – 3; Жалал-Абад облусунда – 2; Баткен облусунда – 2; Ош шаарында… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 846 млн доллардан ашты

Август айынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 846 миллион доллардан ашты. Каржы министрлиги билдиргендей, анын 4 миллиард 496 миллиону тышкы бересе, калганы ички карыз.   Ушул жылдын жай айында жалпы мамлекеттик карыз 107 миллион долларга көбөйүп, августтун аягына карата ИДПнын 55,6 пайызын түздү.  … Кененирээк…

Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банк тармактагы кырдаалга байланыштуу түшүндүрмөсүндө билдирди.   Соңку учурда өлкөнүн ички акча базарында чет элдик валютага суроо-талап өскөнү байкалып, бул валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүнө алып келди.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси мындай тенденция экономика үчүн мүнөздүү… Кененирээк…