Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 2;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 2;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 1 тилсиз жоо катталды.