Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банк тармактагы кырдаалга байланыштуу түшүндүрмөсүндө билдирди.

 

Соңку учурда өлкөнүн ички акча базарында чет элдик валютага суроо-талап өскөнү байкалып, бул валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүнө алып келди.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси мындай тенденция экономика үчүн мүнөздүү экенин белгилеп, ага IV кварталдагы импорттун жана керектөөнүн өсүшүнөн улам мезгилдүү талаптын жанданышын себеп деп билдирди.