Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 846 млн доллардан ашты

Август айынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 846 миллион доллардан ашты. Каржы министрлиги билдиргендей, анын 4 миллиард 496 миллиону тышкы бересе, калганы ички карыз.

 

Ушул жылдын жай айында жалпы мамлекеттик карыз 107 миллион долларга көбөйүп, августтун аягына карата ИДПнын 55,6 пайызын түздү.

 

Тышкы карыздын жарымынан көбүн Кыргызстандын көп тараптуу насыялары түзөт. Эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында өлкө дагы 2 миллиарддан ашык же 47 пайыз карыз.