Чүй облусунун Селекция айылына жаратылыш газы өткөрүлдү

Чүй облусунун Селекция айылына жаратылыш газы өткөрүлдү. “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришкендей, жалпы узундугу 7,5 чакырымды түзгөн түтүктөр тармагы өткөрүлдү.

 

Бул 3,5 миң үйдү көгүлтүр от менен камсыздоого шарт түздү. Белгилеп кетсек, жаңы конуштарды, айылдарды газдаштыруу – Бишкектин аймагын каптаган кара түтүн жана ыш менен күрөшүүнүн бир жолу болуп эсептелет.